> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2 күндөн бери изделип жаткан «Ордо» партиясынын лидери тоодо экен
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/2-k-nd-n-beri-izdelip-zhatkan-ordo-partiyasynyn-lideri-toodo-eken/
- Published: 2021-11-30T14:26:39.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. Бүгүн партиялаштары анын келгенин кабарлашты.**

> Алардын айтымында, партиянын лидери тоого чыгып кетип, машинасы бузулуп, телефону да өчүп калган. Ошентип ал бүгүн гана байланышка чыккан.

Эскерте кетсек, Мияров шайлоо күнү түштө № 44 мектепке добуш берүүгө кеткен боюнча келбей, дайынсыз болуп жаткан.