Аркадий Дубнов: Россиядагы кыргызстандыктардын шайлоого аз катышуусун Бишкектин мигранттарга карата кайдыгерлиги менен түшүндүрсө болот

Россиядагы кыргызстандыктардын шайлоого аз катышуусун Бишкектин мигранттарга карата кайдыгерлиги менен түшүндүрсө болот. Бул тууралуу Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов «Би-Би-Сиге» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги мигранттарга суз мамиле жасайт, мындан тышкары, учурдагы элчилик мурдагы элчиликке салыштырмалуу жакшы иш алып бара албай жатат.

«Бул мигранттарга карата Бишкек тараптан болуп жаткан кайдыгерлик менен түшүндүрүлсө керек. Мигранттардын жаңы бийликке ишеними аз болсо керек. Аракеттеги бийлик, балким, кыргыз мигранттарынын кызыкчылыктарын эске алып, кам көрүүсүн жакшы көрсөтө албай жатат.

Менимче, буга чейинки Москадагы кыргыз элчилиги мигранттар менен активдүүрөк иш алып барчу. Мен билгенден мигранттар арасында элчилик популярдуу эле. Балким, буга Москвадагы элчиликтин азыркы жетекчилигинин авторитети ойношу мүмкүн», – деди ал.

Андан тышкары, Дубнов президент Садыр Жапаров жана ошондой эле бийликтин жүргүзгөн саясаты тууралуу да оюн билдирген.

«Бийликке жаңы келгендеги анын билдирүүлөрү, кийин Москвага да келип-кетиши, жакшы үмүт жаратып жаткан. Ал кишини уга билет, өз оюн жакшы жеткире алган, эрктүү жана максатына жете билген да көрүнөт. Бирок ал эми Кыргызстанда дайым боло келген бейстабилдүүлүктү кантип эптейт, аны убакыт көрсөтүшү керек болчу. Ошондой эле  өлкөгү бийликтеги дуумвираттын туруктуулугу боюнча суроолор жаралган. Бул жерде сөз Жапаровдун революция боюнча шериги Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болуп жатат», – деп айтат жогоруда аты аталган басылмага берген маегинде.