Бишкектин эки округунда кайра шайлоо качан өтөөрү белгилүү болду
Бишкектин эки округу боюнча шайлоо бардык жыйынтыктар аныкталгандан кийин 18-декабрда өтөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов 24.kg маалымат порталына билдирди.
Эскерте кетсек, Бишкектин бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо алдын ала эки гана талапкер – Октябрь районунан Дастан Бекешев менен Ленин районунан Жаныбек Абиров жеңишке жетишкен. Калган эки райондо (Биринчи Май жана Свердлов) шайлоочулар баарына каршы добуш беришкен.
«Эгерде автоматташтырылган башкаруу системасынын жыйынтыгы менен борбордун Биринчи Май жана Свердлов райондору боюнча кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы дал келип, «баарына каршы» позициясы көп болуп чыкса, анда биз ал жерде кайра добуш берүүнү жарыялайбыз. Бул 18-декабрда жыйынтыктар расмий чыгарылгандан кийин болот», – деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча алты партия өттү. Бирок БШКгы сервердеги мүчүлүштүктөн улам добуштарын жоготкон партиялар кечээ, 29-ноябрда нааразычылык митингине чыгышып, алар бийликке кайра шайлоо жарыялаш үчүн 2 күн убакыт беришти.