> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюллетендердин 20% кол менен саналып бүттү – «Ынтымак» партиясы алдыда
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/bjulletenderdin-20-kol-menen-sanalyp-b-tt-yntymak-partiyasy-aldyda/
- Published: 2021-11-30T11:28:53.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн 30-ноябрда эрте мененки саат 09:05ке карата парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 19.53%ы кол менен саналып бүттү**.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, учурда алты партия 5%дык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат. 

БШКнын маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 487 бюллеттендер эсептелген. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналган.

Берилген маалыматтарга ылайык, алдыда:

- «Ынтымак» – 13.3%
- «Ата-Журт Кыргызстан» – 12.87%
- «Ишеним» – 11.22%
- «Ыйман Нуру» – 7.32%
- «Эл Үмүтү» – 6.98%
- «Альянс» – 6.2%
- «Азаттык» – 4.14% менен келе жатышат.