Бюллетендердин 20% кол менен саналып бүттү – «Ынтымак» партиясы алдыда

Бүгүн 30-ноябрда эрте мененки саат 09:05ке карата парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 19.53%ы кол менен саналып бүттү.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, учурда алты партия 5%дык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат. 

БШКнын маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 487 бюллеттендер эсептелген. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналган.

Берилген маалыматтарга ылайык, алдыда:

  • «Ынтымак» – 13.3%
  • «Ата-Журт Кыргызстан» – 12.87%
  • «Ишеним» – 11.22%
  • «Ыйман Нуру» – 7.32%
  • «Эл Үмүтү» – 6.98%
  • «Альянс» – 6.2%
  • «Азаттык» – 4.14% менен келе жатышат.