> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чет өлкөдө шайлоого шайлоочулардын 12% гана катышты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/chet-lk-d-g-shajloo-uchastkalarynda-shajloochulardyn-12-y-gana-katyshty/
- Published: 2021-11-30T09:55:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык шайлоочулардын катышуусу, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 11.67%ды гана түздү. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

Кыргызстандан тышкары жердеги Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын саны **84 128 адам** болсо, анын ичинен **9 826 адам** гана добуш берген.

ТИМ чет өлкөлөрдө **29 мамлекетте 59 шайлоо участогу**, анын ичинде шаарларда 10 жаңы шайлоо участкалары түзүлгөнүн эске салды. Алар төмөндөгү шаарларда уюштурулган:

- Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара (Россия)
- Анталья (Турция)
- Нью-Йорк, Чикаго (АКШ)
- Кальяри (Италия)
- Будапешт (Венгрия).