Чет өлкөдө шайлоого шайлоочулардын 12% гана катышты

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык шайлоочулардын катышуусу, алдын ала эсептөөлөр боюнча, 11.67%ды гана түздү. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандан тышкары жердеги Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын саны 84 128 адам болсо, анын ичинен 9 826 адам гана добуш берген.

ТИМ чет өлкөлөрдө 29 мамлекетте 59 шайлоо участогу, анын ичинде шаарларда 10 жаңы шайлоо участкалары түзүлгөнүн эске салды. Алар төмөндөгү шаарларда уюштурулган:

  • Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара (Россия)
  • Анталья (Турция)
  • Нью-Йорк, Чикаго (АКШ)
  • Кальяри (Италия)
  • Будапешт (Венгрия).