> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттары кыргыз тилине которулду
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/finansylyk-otchettuuluktun-el-aralyk-standarttary-kyrgyz-tiline-kotoruldu/
- Published: 2021-11-30T12:12:15.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарын (ФОЭС) мамлекеттик тилге которуу иштери аяктады.**

> КРнын тарыхында ФОЭС биринчи жолу кыргыз тилине которулду.

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2021-жылдын 21-октябрындагы берген буйругу менен түзүлгөн текшерүү комиссиясы кыргыз тилиндеги ФОЭСтин котормо текстин кароо боюнча ишти баштады.

> ФОЭСтин мамлекеттик тилдеги акыркы варианты 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин колдонууга киргизилет деп болжолдонууда.

**Маалымдама:**

2018-жылдын 1-октябрында ФОЭСтин публикацияларын орус тилинде кабыл алуу жана басып чыгаруу, ошондой эле стандарттарды мамлекеттик тилге которуу боюнча лицензиялык келишимге кайрадан кол коюлган. ФОЭС орус тилинде Финнадзордун сайтында жайгаштырылган.