Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттары кыргыз тилине которулду
Учурда Финансылык отчеттуулуктун Эл аралык стандарттарын (ФОЭС) мамлекеттик тилге которуу иштери аяктады.
КРнын тарыхында ФОЭС биринчи жолу кыргыз тилине которулду.
КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын 2021-жылдын 21-октябрындагы берген буйругу менен түзүлгөн текшерүү комиссиясы кыргыз тилиндеги ФОЭСтин котормо текстин кароо боюнча ишти баштады.
ФОЭСтин мамлекеттик тилдеги акыркы варианты 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин колдонууга киргизилет деп болжолдонууда.
Маалымдама:
2018-жылдын 1-октябрында ФОЭСтин публикацияларын орус тилинде кабыл алуу жана басып чыгаруу, ошондой эле стандарттарды мамлекеттик тилге которуу боюнча лицензиялык келишимге кайрадан кол коюлган. ФОЭС орус тилинде Финнадзордун сайтында жайгаштырылган.