> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда инфляция жылдык мааниде 12%дан ашты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/krda-inflyaciya-zhyldyk-maanide-12-ashty/
- Published: 2021-11-30T15:50:37.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда инфляция жылдык мааниде 12.1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук Банктын маалымат кызматы билдирди.**

Регулятордун берген маалыматына таянсак, керектөө бааларынын түптөлгөн динамикасына ар кандай монетардык эмес факторлор өз таасирлерин тийгизүүдө. 2021-жылдын ноябрь айында (19уна карата) инфляция жылдык мааниде **12.1%ды** түзгөн. 

> Жыл башынан бери баалар **9.5%га** **өскөн**. Дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын туруктуу өсүшү, тарифтердин жана жөнгө салынуучу баалардын жогорулашы (коомдук транспортторго жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашы), ошондой эле энергия ресурстарынын көтөрүлгөн баалары, дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу күйүүчү-майлоочу материалдарынын бааларынын кыйла өсүшү КРда керектөө бааларынын өсүшүн түптөгөн негизги факторлордон болуп эсептелет.

Инфляция улам жогорулаган жана инфляциялык күтүүлөр өскөн шартта, Улуттук банк акча-кредит шарттарын күчөтүү чараларын улантууда. Акча рыногунда кыска мөөнөттүү пайыздык чендер негизги чендин артынан жогорулаган жана пайыздык чектин чегинде калыптанган.