> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченин 8% чейин жогорулатты
- URL: https://im.kg/all/2021/11/30/uluttuk-bank-eseptik-chenin-8-chejin-zhogorulatty/
- Published: 2021-11-30T10:19:45.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк эсептик ченин 8%га чейин жогорулатты. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.**

Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 29-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

УБнын берген маалыматына караганда, өлкөнүн экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек.

> 2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу **ИДПнын өсүшү 1.6%ды түзгөн**. Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы **4.1% чегинде** катталган. 

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2021-жылдын 1-сентябрында эсептик ченди (негизги ченди) **7.5% деңгээлинде** сактап калуу чечимин [кабыл алган.](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/09/02/uluttuk-bank-eseptik-chendi-7-5-de-geelinde-saktap-kaldy/)