Улуттук банк эсептик ченин 8% чейин жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченин 8%га чейин жогорулатты. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.

Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 29-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка 8%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 30-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

УБнын берген маалыматына караганда, өлкөнүн экономикасы кармалып турган өсүш арымды көрсөтүүдө, ошондой эле экономиканын пандемияга чейинки калыбына келүү фазасы аягына чыга элек.

2021-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДПнын өсүшү 1.6%ды түзгөн. Ошол эле учурда «Кумтөр» алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн өсүш арымы 4.1% чегинде катталган.

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2021-жылдын 1-сентябрында эсептик ченди (негизги ченди) 7.5% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алган.