Адахан Мадумаров: Мындан өткөн сабатсыз бийлик барбы?
Мындан өткөн шалтурук, мындан өткөн сабатсыз, мындан өткөн алсыз, мындан өткөн караңгы бийлик барбы, негизи? Бул тууралуу Адахан Мадумаров kloop.kg сайтына берген маегинде айтты.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын койгон талаптарын «туура» деп атады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 1-декабрда, БШКнын имаратынын жанында митинг өтүп, шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоо өткөрүүнү жана шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүнү талап кылышкан.
Мадумаров шайлоо бүтөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасында мүчүлүштүктөр орун алганда «көз боёмочулук болгон» деп эсептейт.
«Мындан өткөн шалтурук, мындан өткөн сабатсыз, мындан өткөн алсыз, мындан өткөн караңгы бийлик барбы өзү негизи? 28-ноябрда жыйынтык чыгаар замат компьютерде дал ушул жерде туруп айттым: “Компьютер 15-20 мүнөткө өчөт, чоң химия башталат, көз боёмочулук башталат”. Күйгөндөн кийин көрдүңүздөр. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чыгып жаткан партиялардын койгон дооматтары 100% адилеттүү, коюп жаткан талаптары туура», – деди ал жогоруда аты аталган басылмага.
Партиянын лидери шайлоонун жыйынтыгы «дүйнөнү эмес, бардык нерсени көргөн Кыргызстандын элин таң калтырды» деп билдирди. Муну «аты жок, жыты жок» партиялар Жогорку Кеңешке өттү деп түшүндүрдү.
«Эч кимдин аты жок, эч бир жерде жолугушуу өткөрбөгөн, жетекчиси ким экенин да билбеген “кол бала” партияңарды парламентке чачтан сүйрөп алып баратасыңар», – деди Мадумаров.