Бишкекке 120 автобус алынат – АӨБ 50 млн доллардан ашык каражат берет

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) КРга аккумулятордук автобустарды алууга жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50.65 млн долларлык чаралар пакетин бекитти. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Натыйжада, бул абанын сапатын жакшыртууга, көмүртектин бөлүнүп чыгуусун төмөндөтүүгө жана жол тыгындарын азайтууга жардам берет.

Шаарды электрлештирүү долбоору 25 млн доллар өлчөмүндөгү кредитти, 25 млн доллар өлчөмүндөгү грантты жана Жогорку технологиялар паркынан 650 миң доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоону камтыйт жана эскирген дизелдик автобустарды жана троллейбустарды алмаштыруу үчүн 120 заманбап аккумулятор менен иштеген автобустарды сатып алууну каржылайт.

Долбоор ошондой эле эки троллейбус автобазасынын инфраструктурасын модернизациялоону жана автобустардын ылдамдыгын жогорулатуу жана Бишкектин борборундагы коомдук транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн 3.5 чакырымдык жашыл мобилдүүлүктүн пилоттук коридорун түзөт.

Электробустар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөр жана кары-картаңдар, ошондой эле балалуу аялдар үчүн жеткиликтүү болот. Алар камералар жана коркунуч сигналды берүү баскычтары сыяктуу коопсуздук элементтери менен жабдылат.

Киргизилип жаткан электр автобустарынын паркы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү экологиялык жактан эң таза түйүндөрдүн биринен пайдаланып, жергиликтүү энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонот.

  • КР 1994-жылы АӨБга киргенден бери банк 1.3 млрд доллардан ашык өлчөмүндө насыя, 811 млн доллар өлчөмүндө грант жана 69 млн доллар өлчөмүндө техникалык жардам берген.