> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бюллетендердин 40%дан ашууну кол менен саналып бүттү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/01/bjulletenderdin-40-dan-ashuunu-kol-menen-sanalyp-b-tt/
- Published: 2021-12-01T16:31:11.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Саат 15:30га карата бюллетендердин 40%дан ашууну кол менен саналып бүттү. БШКнын маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 1050 бюллетень эсептелип бүттү.**

Ал эми автоматташтырылган системада (АСУ) 98.16% бюллетень саналды. Андагы алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке алты партия өткөн. Алдыда «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» келе жатышат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат – 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышкан.