> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Алар кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда
- URL: https://im.kg/all/2021/12/01/bshknyn-imaratynyn-zhanynda-miting-t-d-alar-kajra-shajloo-tk-r-n-talap-kylyshuuda/
- Published: 2021-12-01T15:00:40.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:38:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн БШКнын имаратынын жанында митинг өтүүдө. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгондор кайра шайлоо өткөрүүнү жана шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүүнү талап кылышууда.** 

Анда «Ата Мекен» партиясынан талапкер Клара Сооронкулова кечээ, 8 партия шайлоону тааныбоо боюнча меморандумга кол койгонун билдирди. 

> «Ошондой эле шайлоо босогосун 5%дан 3%га түшүрүүнү талап кылып жатабыз. Биз өткөн шайлоодо бул үчүн күрөшкөнбүз. Министрлер кабинети жана БШК мүчөлөрү кызматтан кетиши керек. Кол менен эсептөө узакка созулган сайын, ишенбөөчүлүк күчөп жатат. Бийлик маселени чечпей эле, күчөтүп жатат. Азыр аянтта антимитинг уюштуруп жатыптыр. Толтура аскерлерди да алып келип жатышат экен. Бул карама-каршылыкты күчөтөт. Биз меморандумга кол койгон партиялар шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз», – деди Сооронкулова.

Эске сала кетсек, шайлоонун эртеси айрым партиялар кайра шайлоо дайындоо талабы менен митингге чыгышкан. Алар бийликке чечимди жарыялоого эки күн убакыт беришкен болчу.