> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депутаттар Министрлер кабинетин, БШКнын төрайымын жыйынга келишин талап кылышууда
- URL: https://im.kg/all/2021/12/01/deputattar-ministrler-kabinetin-bshknyn-t-rajymyn-zhyjynga-kelishin-talap-kylyshuuda/
- Published: 2021-12-01T11:46:29.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:47:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 1-декабрда КРнын Жогорку Кеңешинин [жыйыны өтүүдө.](https://www.youtube.com/watch?v=Iw0BW9-yvgY) Жыйында депутаттар шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болушуп, өлкө жетекчисин, Министрлер кабинетин, БШКнын төрайымын жыйынга катышуусун талап кылышты.**

Депутат Наталья Никитенко шайлоону эл жөн гана байкоочу катары эле карап калганын, БШКнын сайтында болгон мүчүлүштүккө жетекчилик ар түрдүү түшүндүрмө беришкенин, кол менен эсептөө созулуп, эч бир конкреттүү жыйынтык чыкпаганын, одоно мыйзам бузуулар болгонун, учурда жабык эшик артында эмнелер болуп жатканын билбегенин айтып, күн тартибин кое туруп, БШКнын, Министрлер кабинетинин жетекчилиги жыйынга келип катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип, маалымат берсин деген талабын койду. 

Ал эми Шайлообек Атазов болсо, Ош шаарында добуштарды сатып алуулар болгонун, талапкерлер сумкалап акча таратышкандарын, айыл өкмөттөрү бир айылдан кырк аялды мыйзамсыз үгүтчү кылып алышканын айтты. 

> «Биз президенттин таза шайлоо болот дегенине таянып, бир мандаттуу округдан чыктык. Ошол жерден 17 миң добуш алдым. Элдер он жылдан бери шайланган депутаттарды көргүсү келбей, жийиркенип калышыптыр. Мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартыш керек. Тергөөчүлөрдү сатып алып, айыл өкмөттөргө добуш бербесеңер иш козгойбуз деп коркутушуптур. Качанкыга чейин ыплас шайлоо менен мамлекетти курабыз?» – деди депутат.