> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/01/ipotekalyk-nasyya-ber-n-n-m-n-t-15-zhyldan-25-zhylga-chejin-uzartyldy/
- Published: 2021-12-01T12:41:14.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды. Мындай мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.**

Бул мыйзамдын максаты – жарандарга турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде КРнын ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

> Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.

Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.