«Кыргызтелеком» «Ростелеком» менен интернетти жеткирүү боюнча макулдашты
«Кыргызтелеком» «Ростелеком» менен интернетти жеткирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу «Кыргызтелеком» ААКнын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 30-ноябрда, «Кыргызтелеком» ААК жетекчилиги «Ростелеком» ЖАКтын Эл аралык операторлор менен иштөө департаментинин директору Денис Шершнев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө «Ростелеком» ЖАКтан Кыргызстандын чек арасына чейин интернет-трафикти жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим түзүү, калкты тейлөө жана башкаруу чөйрөсүндө заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү, ошондой эле «Ростелеком» ЖАКтан интернет-трафикти киргизүү боюнча кызматташуу маселелери каралды.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, катышуучулар меморандумга кол коюуну жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну макулдашышты.
«Ростелеком» санариптик кызматтардын россиялык провайдери жана оператору менен стратегиялык кызматташуу – кирешелерди көбөйтүү, бизнес көйгөйлөрүн чечүү, калкка мамлекеттик жана коммерциялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, экономиканы санариптештирүү, ошондой эле Кыргызстандын эң алыскы аймактарына заманбап жогорку технологиялык кызматтарды жеткирүүгө мүмкүндүк берген «Кыргызтелекомдун» ишмердигинин негизги багыттарынын бири болуп саналат деп айтылат билдирүүдө.