Ноябрда аба ырайынын жылуу болгонуна байланыштуу электр энергиясын керектөө бир аз кыскарды
Ноябрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу бир аз кыскарганын Улуттук электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Республика боюнча керектелген электр энергиясынын жалпы көлөмү өткөн жылдын ноябрында 1 млрд 717 млн кВт/саат болгон болсо, быйыл 1 млрд 667.6 млн кВт/саатты түздү. Бул былтыркыга караганда аба ырайынын жылуу болушу менен байланыштуу.
Токтогул суу сактагычында суунун аз топтолушу боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен, энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча калкка жана башка керектөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.