> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Оптима Банк» жарнамасында Баткен облусунун Ак-Сай айылы КРнын аймагына кирбеген картаны колдонгон – жоопко тартылат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/01/optima-bank-zharnamasynda-batken-oblusunun-ak-saj-ajyly-krnyn-ajmagyna-kirbegen-kartany-koldongon-zhoopko-tartylat/
- Published: 2021-12-01T12:01:30.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:56:10.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Оптима Банк» ААКсы өз жарнамасында КРнын бурмаланган картасын колдонгон. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди.**

Берилген маалыматка караганда, «kg» зонасында интернетте таралган жарнактарга мониторинг жүргүзүү учурунда «Оптима Банк» ААКынын расмий сайтында (https://www.optimabank.kg /ru/about-rus.html шилтемеси боюнча), КРнын бурмаланган картасын чагылдырган жарнамалар таратылган факты аныкталган. Тактап айтканда, **картага Баткен облусунун Ак-Сай айылы КРнын аймагы катары кирбей калган**.

Жогорудагылардын негизинде, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан «Оптима Банк» ААКсына карата КРнын «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 277-беренесинин талаптарын бузуу фактысы боюнча протокол түзүлгөн.