> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Бакубат Талас» фонду топуракты анализдеген лабораториянын ремонтун каржылады
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/bakubat-talas-fondu-topurakty-analizdegen-laboratoriyanyn-remontun-karzhylady/
- Published: 2021-12-02T11:23:00.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы «Кыргызгипрозем» ишканасынын топуракты анализдөө лабораториясынын ремонтун каржылады. Каражат «Бакубат Талас» фонду аркылуу бөлүнгөн.**

> Жалпысынан лабораторияны курууга жана жабдууга дээрлик **1.9 млн сом** берилген. Биринчи лабораториянын имаратын капиталдык оңдоого 446 миң сом, экинчиси, 560 миң сом – лабораториянын имаратынын ички жасалгасына, үчүнчү – 877 миң сом өлчөмүндө керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн бөлүнгөн.

Талас облусунун тургундары буга чейин топурактарды анализдөөчү лабораториянын жоктугунан Бишкекке келип, жыйынтыгын бир ай күтүүгө аргасыз болуп келишкен. Эми мындай кыйынчылыктар болбой, жаңы лаборатория үч күндүн ичинде анализди чыгарып берет.

Лаборатория ушул жылдын аягына чейин иштеп баштоосу күтүлүүдө.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/bakubat1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/bakubat1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/bakubat2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2021/12/bakubat2.jpeg)