> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасына мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/bijlik-s-md-k-majy-menen-kumshekerdin-baasyna-mamlekettik-zh-ng-saluunu-kajra-kirgiz-n-k-zd-d/
- Published: 2021-12-02T11:52:16.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:19:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бийлик өсүмдүк майы менен кумшекердин баасын мамлекеттик жөнгө салууну кайра киргизүүнү ойлонуп жатат. Экономика министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга койду.**

Канттын баасынын кымбатташы – товарларды дүңүнөн алууда баалардын жогорулашына, ошондой эле доллардын жана башка чет элдик валюталардын сомго карата курсунун жогорулашына байланыштуу болууда.

«КРнын ички соодасы жөнүндө» мыйзамдын 11-беренесине ылайык, өкмөт социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну баалар жылына 20% жана андан ашык жогорулаган кезде 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизет. 

> Бирок дүйнөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен ведомство **90 күндүк мөөнөткө өсүмдүк майына, кум шекерге бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну** сунуштоодо.