Юрист: Укукту жана мыйзамдуулукту тебелеген бийлик эч качан мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт
Укукту жана мыйзамдуулукту тебелеген бийлик эч качан мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт. Мындай пикирин юрист Сания Токтогазиева өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирди.
Анын айтымында, мыйзамды сыйлабаган бийлик эч качан өз жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин сыйлабайт дагы коргобойт.
«Сыйламак турбай керек болсо, каршы чыккан оппозиционерлерди ур-токмокко алып, коркутуп-үркүтүп, ооздорун жапканга аракет кылат», – деди ал.
Юрист президент Садыр Жапаров жана анын командасы Кыргызстанда чоң укуктук башаламандыкты жаратып, мамлекетти терең туңгуюкка алып бара жатат деген оюн айткан.
«Былтыр, биринчи ирет мамлекеттик органдарды легитимдештирүүгө, өлкөнүн саясий, укуктук жана экономикалык абалын стабилдештирүүгө баардык күчтү жумшагандын ордуна мыйзамды одоно бузуу менен, мөөнөттү бүткөн Парламент менен конституциялык реформа кылып, элге таңуулоо менен референдум өткөрдү. Шайлоо эрежелерин таптакыр өзгөртүп, чийки мыйзамды абдан ыкчам түрдө кабыл алып, натыйжада, шайлоо башаламандыгын көрүп жатабыз», – дейт Токтогазиева.