> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Камчыбек Ташиев: Жай турмуш менен алек болушубуз керек
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/kamchybek-tashiev-zhaj-turmush-menen-alek-bolushubuz-kerek/
- Published: 2021-12-02T11:13:21.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Тынчтык, бейпилдик жана стабилдилдүүктү бузганга эч бир себеп жок. Жагдай боюнча кооптонуу жок, ошондуктан жай турмуш менен алек болушубуз керек. мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Медиа Центр» маалымат порталына билдирген.**

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат.

> «Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жыйынтыгы бюллетендердеги, протоколдордогу берилген добуштарды кол менен эсептеп чыккандан кийин гана мыйзамдуу болот. Буюрса, БШК 1-2 күндө жыйынтыгын толук маалымдайт болуш керек», – деген ал.

Ошондой эле Ташиев кечээ, 1-декабрда саясатчы[ Өмүрбек Текебаевге ](http://localhost/info-portal/novosti/2021/12/01/omurbek-tekebaev-o-napadenii-na-nego-eto-nachalo-politicheskogo-terrora/)кол салгандар кармалганын айтты.

> «Бул окуя кылмыш болуп эсептелет жана биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек. Кылмышкерлер табылды, жазасын алышат», – деди ал.