Камчыбек Ташиев: Жай турмуш менен алек болушубуз керек

Тынчтык, бейпилдик жана стабилдилдүүктү бузганга эч бир себеп жок. Жагдай боюнча кооптонуу жок, ошондуктан жай турмуш менен алек болушубуз керек. мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Медиа Центр» маалымат порталына билдирген.

Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат.

«Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жыйынтыгы бюллетендердеги, протоколдордогу берилген добуштарды кол менен эсептеп чыккандан кийин гана мыйзамдуу болот. Буюрса, БШК 1-2 күндө жыйынтыгын толук маалымдайт болуш керек», – деген ал.

Ошондой эле Ташиев кечээ, 1-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салгандар кармалганын айтты.

«Бул окуя кылмыш болуп эсептелет жана биздин мамлекетте эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек. Кылмышкерлер табылды, жазасын алышат», – деди ал.