> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Машинаны мас абалында айдагандарга эми 17 500 сом айып салынат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/mashinany-mas-abalynda-ajdagandarga-emi-17-500-som-ajyp-salynat/
- Published: 2021-12-02T15:32:17.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эми машинаны мас абалында айдагандарга 17 500 сом айып салынат. Патрулдук милиция жаңы мыйзам бузуулар жөнүндө кодексте мас абалында унаа айдагандарга жаза күчөтүлгөнүн билдирди.**

> Алкоголдук ичимдиктерди, баңги заттарын жана башка мас кылуучу заттарды колдонуп, машинаны мас абалында айдоого **17 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынат** же **30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга** тартылат.

Айдоочу ичкендиги жөнүндө экспертизадан өтүүдөн баш тартса да – 17 миң 500 сом айыпка жыгылат. Мас абалында унаага отурууга уруксат бергендер – 15 миң сом айып пул төлөшөт.

Эгерде мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына кабылса, ага 20 миң сом айып салынат же үч суткага камакка алынат.