> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/prezidenttin-ish-bashkarmasy-menen-zhogorku-ke-eshtin-ish-bashkarmalygy-birikti/
- Published: 2021-12-02T16:57:52.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенти Садыр Жапаров «КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.**

Жарлыкка ылайык, Президенттин Иш башкармасынын жана Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында **КРнын Президентинин Иш башкармасы** түзүлөт.

Жарлык КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

КРнын президентинин Иш башкармасы КРнын президентинин, ЖКнын, Министрлер Кабинетинин, КРнын Президентинин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.