Президенттин Иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бирикти
Президенти Садыр Жапаров «КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Президенттин Иш башкармасынын жана Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында КРнын Президентинин Иш башкармасы түзүлөт.
Жарлык КРнын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.
КРнын президентинин Иш башкармасы КРнын президентинин, ЖКнын, Министрлер Кабинетинин, КРнын Президентинин Администрациясынын жана Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.