> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖЭБ-2 аймагындагы 47.7 га жер мыйзамдаштырылды
- URL: https://im.kg/all/2021/12/02/zheb-2-ajmagyndagy-47-7-ga-zher-myjzamdashtyryldy/
- Published: 2021-12-02T11:28:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинети борбордун ЖЭБ-2 аймагында жашаган тургундар үчүн 47.7 га жерди мыйзамдаштырды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.** 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47.7 га жер «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясынан **«Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду** (трансформацияланды).

Финансы министрлигине республикалык бюджеттен КРнын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн **5 млн сом** өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.