ЖКнын депутаттарынын кызматтык унаалары алынып, маяналары төмөндөтүлөт – президент жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жарлыктын алкагында ЖКнын депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынган, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

Ошентип:

  • ЖКнын Төрагасынын кызматтык айлыгы – 30 миң сом болот
  • Вице-спикерлер – 27 миң сом
  • парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына – 26 миң сом
  • депутаттарга – 25 миң сом

«Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Президенттин Жарлыгы жаңы бюджеттик саясатты – мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөнү демилгелейт деп айтылат билдирүүдө.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми камтылган, ал эми иш жүзүндө эч кандай каражат жумшалбайт.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт.

«Бюджеттик каражаттарды үнөмдөө саясаты бардык мамлекеттик органдар үчүн милдеттүү болгон нормативтик мүнөзгө ээ болду. Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт», – деп билдирди президенттин аппаратынан.