Базардагы сатуучулардын контролдук-кассалык машиналары болсо, салыктан бошотулушу мүмкүн
Базардагы сатуучулар контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонсо, салыктан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ишкерлердин оор абалы тууралуу теманы депутат Айсулуу Мамашова көтөрдү. Ал сатуучулар кыйынчылыктарга, кризиске туш болуп турган учурда ККМди киргизүүнүн тууралыгына күмөн санаганын айтты.
Министр жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базардагы сатуучулар салыктан бошотулат деп ишендирди.
«Алар кассалык аппаратты колдонуп жана чектерди чыгарып турганда гана бошотулушу мүмкүн. Чакан жана орто бизнес толугу менен корголот. Көмүскө соодадагы күмөндүү жагдайларды чыгаруу зарыл. Эгерде товар жүгүртүү 8 миллиондон ашса, анда алар башка режимде иштешет», – деди Амангелдиев.