Кыргызстан 6 айда Казакстанга дээрлик 7 миң тонна сүт азыктарын экспорттогон

2021-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан Казакстанга 6.8 миң тонна сүт азыктарын саткан. Бул тууралуу казакстандык lsm.kz бизнес-порталы билдирди.

2021-жылдын биринчи жарымында Казакстан жалпысынан 27.4 миң тонна сүт импорттоп, ага 43.4 млн доллар каражат жумшаган.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстан Казакстанга сүт азыктарын импорттогон өлкөлөрдүн ичинен үчүнчү (Россия менен Беларустан кийин) орунда турат жана бул экспорттон республикага 6.4 млн доллар түшкөн.

Белгилей кетсек, кеп таттуу заттар кошулган жана кошулбаган, коюлтулган жана коюлтулбаган сүт азыктары жана каймак жөнүндө болуп жатат.