> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду
- URL: https://im.kg/all/2021/12/03/kyrgyzstan-t-rkm-nstandan-elektr-energiyasyn-aluu-bojuncha-dagy-bir-kelishimge-kol-kojdu/
- Published: 2021-12-03T14:32:24.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:29:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.**

> «Учурда бул багыттагы сүйлөшүүлөр мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде жүрүп жатат», – деди ал.

Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Түркмөнстан Кыргызстанга **501.9 млн кВт/саат** электр энергиясын берет. Президент Садыр Жапаров бир нече жолу белгилегендей, ал 2 сомдон алынып келинет.