Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду

Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча дагы бир келишимге кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

«Учурда бул багыттагы сүйлөшүүлөр мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде жүрүп жатат», – деди ал.

Эске салсак, буга чейин эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Түркмөнстан Кыргызстанга 501.9 млн кВт/саат электр энергиясын берет. Президент Садыр Жапаров бир нече жолу белгилегендей, ал 2 сомдон алынып келинет.