Кыргызстанда экономиканын өсүшү бир аз да болсо байкалууда

Кыргызстанда уланып жаткан коронавирус пандемиясына карабастан, өлкө акыркы эки жылда биринчи жолу оң экономикалык өсүшкө жетишти. Бул тууралуу президенттин маалымат сайтында айтылат.

Алсак, 2021-жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 556.6 млрд сом болуп, реалдуу өсүү темпи 101.6%ды түздү, 2020-жылдын январь-октябрында ал 92.7%ды түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгында өсүш темпин 3%га чейин камсыз кылуу пландалууда. Бул Кыргызстандын кризистен акырындап чыгып баратканын жана экономиканын калыбына келе баштаганын билдирет деп айтылат маалыматта.

2022-жылы «көмүскө» экономикадан мамлекеттик бюджетке кошумча каражаттарды тартып, салыктык жана бажылык башкарууну жакшыртуу менен өлкөнүн консолидацияланган бюджетин 400 млрд сомго чейин чыгаруу пландалууда.

Ал үчүн президент Садыр Жапаровдун ташырмасы менен Министрлер Кабинети ИДПнын жогорку экономикалык  өсүү темпин 7%га чейин чыгаруу, экономиканы түзүмдүк жактан өзгөртүү, «жашыл экономиканы» активдүү жылдыруу, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, көмүскө экономиканы кыскартуу, экономиканын курулуш тармагын жандандыруу, ири инвестициялык долбоорлорду ж.б. ишке ашырууга багытталган Кыргызстанды өнүктүрүүнүн беш жылдык планын түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Кирешелер

Ал эми республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрү боюнча алдын ала маалыматтарга караганда, 2021-жылдын январь-ноябрь айларында түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 162 млрд сомду түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 2021-жылы бюджеттин жалпы кирешеси 46.8 млрд сомго өскөн.

Мындай көрсөткүчкө салыктык башкарууну жакшыртуу, салык жана бажы жол-жоболоруна санарип технологиясын киргизүү боюнча аткарылган жигердүү иштердин натыйжасында жетишилди.

Аталган мезгилге түшкөн салыктын көлөмү 118.8 млрд сомду же план боюнча 100%ды түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу кирешелер 37.3 млрд сомго көбөйгөн, алардын ичинен:

  • Мамлекеттик салык кызматы боюнча 77.4 млрд сом. Өткөн жылдын ушул мезгилине  салыштырмалуу 21.8 млрд сомго көбөйгөн
  • Мамлекеттик бажы кызматы боюнча 41.4 млрд сом. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги деңгээлге салыштырмалуу 15.9 млрд сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес кирешелер 36.5 млрд сомду түзгөн. Былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалу салыктык эмес кирешелер 11.1 млрд сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 161.6 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгашалары 25.7 млрд сомго көбөйдү.

Жалпысынан республикалык бюджет, жалпы кирешелер жана жалпы чыгашаларды эске алганда 334 млн сом профицит менен аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилинде таңкыстык 17.0 млрд сом деңгээлинде болгон.

Социалдык коргоо

Бюджеттик ресурстардын чектелүү болгонуна карабастан, мамлекет тарабынан коронавирустук инфекциясынын жайылуусуна каршы  күрөшүү боюнча иш-чараларга, анын ичинде вакцина сатып алууга, медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө, өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого каражаттар өз убагында бөлүнүүдө. Мындан тышкары, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерине колдоо жана материалдык абалын жакшыртуу үчүн саламаттыкты сактоо системасы менен маданият кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

Балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүүгө каражат бөлүнгөн.

Алсак, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жөлөкпулдардын өлчөмү 50%, ал эми 2022-жылдан тарта 100%, айрым жөлөкпулдар 200%га көбөйөт.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чегарасындагы окуялардын натыйжасындагы калыбына келтирүүгө каражат бөлүндү.

Мамлекеттик ипотекалык насыялоо системасын өнүктүрүү жана жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнун уставдык капиталы көбөйтүлдү.

Бизнести колдоо

Чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында мамлекеттик «Айыл Банк» ААК жана «РСК Банк» ААК банктарынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн кошумча 4.5 млрд сом бөлүнгөн.

Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу республика өз каражаттарынын эсебинен заманбап аскердик техникаларды сатып алды, аскер кызматчыларынын эмгек акысы жогорулады.

Энергетика

2021-2022-жылдардын күз-кыш мезгилинде республиканын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн бюджеттен 2.9 млрд сом бөлүндү.

Мындан сырткары, өлкө жетекчилиги 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон жарандардын категориялары үчүн электр энергиясына тарифтерди киловатт-саатына 50 тыйындан белгилөө чечимин кабыл алган.

Бирок ошол эле убакта республика импорттон көз каранды болуп тургандыктан, дүйнөдөгү болуп жаткан кымбатчылык Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатат. Өлкө нан, кум шекер, жумуртка менен 40%ын, өсүмдүк майы менен керектөөнүн 20%ын гана камсыз кыла алат.