Түркиялык инвестор Кара-Балта шаарында жаңы текстиль фабрикасын ачат
Инвестиция жана өнүктүрүү агенттиги Түркиядан келген инвестор менен биргеликте токтоп турган ишкананын – мурдагы Кара-Балта килем комбинатынын базасында, келерки жылы жаңы текстиль фабрикасын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 3-декабрда эки тараптуу жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланып, андан соң Кара-Балта шаарына барып, фабриканын курулушу менен таанышышты.
Долбоорду «Декна Бишкек Текстиль» ишканасы 25 млн доллар инвестиция менен ишке ашырат. Инвестор буга чейин фабриканын курулушуна 400 миң доллардай инвестиция салган.
Ведомстводон билдиришкенине караганда, келечектеги ишкана кластердик ыкма менен иштеген уникалдуу фабрика болмокчу. Анткени ал даяр текстилдик кездемеден калган калдыктарды жипке жана кездемелерге кийинки материалдарды кайра иштетүү аркылуу иш жүзүндө калдыксыз өндүрүштү камтыйт. Биринчи этапты ишке киргизүүдөн кийин ишкананын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана бүтүндөй текстиль кластерин түзүү пландаштырылууда.
Мекеменин басма сөз кызматы белгилегендей, бул долбоорду ишке ашырууда 800-1000 жумушчу орун түзүлөт.