Туризмди өнүктүрүүгө 50 миң долларга инвестиция алууга конкурс жарыяланды

Ага Хан фондунун жана USAIDдин биргелешкен «Жергиликтүү өзгөрүү» долбоорунун алкагында Accelerate Prosperity Kyrgyzstan 50 миң долларга чейинки инвестиция алууга конкурс жарыялады.

Кимдер катышса болот?

  • Окуялуу туризми
  • ХОРЕКАда иштеген уникалдуу туристтик продуктылары бар ишканалар
  • Калыбына келтирүү жана ден соолукту чыңдоо менен байланышкан туристтик багыттары
  • Башка ар кандай инновациялык ыкмалары менен туризмге багытталган компаниялар.

Негизги талаптары кандай?

  • Компаниялардын жергиликтүү рынокто бир жылдан кем эмес тажрыйбасы
  • Жылдык кирешеси 350 миң сом
  • Командада экиден кем эмес киши болуш керек.

Катышуу үчүн 20-декабрга чейин бул сайтка кирип каттоодон өтүү зарыл https://linktr.ee/ap_kgz.

Тандалган компаниялар жети жумага чейин созула турган бекер акселерация программасына катышат. Окутуунун программасы баалуулуктарды сунуштоо, адам ресурстарын башкаруу, финансылык жана бизнести моделдөө, маркетинг ж.б.у.с. темаларды камтыйт.

Программа катышуучулардын инвестиция алуу үчүн бизнес-пландарынын презентациясы менен аяктайт.