Европадагыдай жер астындагы таштанды контейнерлер эми Бишкекте пайда болот

Бишкек мэриясы таштандыларды жер астында чогултуу жана сактоо боюнча пилоттук долбоорду баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында долбоорду ишке киргизүү боюнча тендер жарыяланган. Тендер боюнча арыздар ушул жылдын 17-декабрында, саат 14:00гө чейин кабыл алынат.

Бул иштер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу алдында  «Бишкектеги таштандыны чыгаруу башкармалыгынын системасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылат.

Заманбап технологияларды киргизүү таштандыларды чогултуунун жана сактоонун жаңы системасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ыкма шаар көчөлөрүнүн таза сакталуусуна шарт түзөт.