> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кызыл-Кыяда жаңы соода-логистикалык борбору курулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/06/100669/
- Published: 2021-12-06T10:03:43.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 50 млн долларга (4.23 млрд сом) каржыланган Баткен облусунун региондук экономикасын өнүктүрүү долбоорунун II фазасынын алкагында Кызыл-Кыя шаарында жаңы соода-логистикалык борбор курулат.** 

Экономика министрлигинде бул долбоорду ишке ашырууну министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлү Мелисса Браун менен талкуулаганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

> Жыйында белгиленгендей, логистикалык борбордун жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Анда 3 миң тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн жабдуулар сакталган 12 муздаткыч камера орнотулат.

[Economist.kg](http://localhost/info-portal/) буга чейин маалымдалгандай, Дүйнөлүк банк Баткен облусунун бир нече секторлоруна максаттуу интервенциялар аркылуу экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу боюнча алты жылдык[ долбоорду ](http://localhost/info-portal/novosti/2021/10/01/vsemirnyj-bank-vydelit-okolo-60-mln-na-ekonomicheskoe-razvitie-batkenskoj-oblasti/)ишке ашырууда. Долбоордун болжолдуу суммасы **50-60 млн долларды** түзөт.

#####   
Бул долбоор алты компонентти камтыйт:

1. Аймактарды туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу
2. Муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо
3. Агроазык-түлүк кластерлерин чыңдоо
4. Чакан ишканаларды колдоо үчүн чакан гранттар программасын ишке ашыруу
5. Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалга жооп берүү
6. Ишке ашырууну колдоо, мониторинг жана долбоорду баалоо.