Бажы системасы кагаз менен эмес технологиялар менен иш алпарыш керек – Экономика министрлигинин башчысы

Кыргызстандын бажы системасы келечекте кагазсыз эле технологиялар менен иштеши керек. Бул тууралуу 3-декабрда экономика министри Данияр Амангелдиев 2022-2024-жылдарга бажы кызматын санариптик өнүктүрүү концепциясын талкуулоо учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, бажы системасынын иштеши кагазга эмес, технологияларга негизделиши керек, ал бажы органдарынын жана бизнестин ишинин ажырагыс бөлүгү болуп калуусу зарыл.

Ошондой эле Амангелдиев Бажы кызматында жаңы маалыматтык чечимдерди кеңири жайылтуу кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана бажы процесстерин тездетүүгө көмөктөшүшү керек, натыйжада, мунун баары акырында өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат деп билдирди.