> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк КРнын 65 миңге жакын ишканасына каржылык жардам көрсөттү – COVID-19
- URL: https://im.kg/all/2021/12/06/d-jn-l-k-bank-krnyn-65-mi-ge-zhakyn-ishkanasyna-karzhylyk-zhardam-k-rs-tt-covid-19/
- Published: 2021-12-06T10:39:26.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банктын «Микро-, чакан жана орто ишканаларга өзгөчө колдоо көрсөтүү» долбоору Кыргызстандагы 65 миңге жакын ишканалардын ишмердигин калыбына келтирүүгө каржылык жардам жана колдоо көрсөттү. Бул тууралуу донордун маалымат кызматы билдирди.**

Мындан тышкары, долбоордун эсебинен берилген каражаттар Социалдык фонд тарабынан 6 айга чейин пенсияларды жана башка социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында берип турууга жардам берди.

> «Биздин долбоорубуздун бул аймактарга COVID-19 программасы боюнча колдоо көрсөтүүбүздүн төрт негизги максаты бар: саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын жогорулатуу, жакыр жана аялуу катмарды колдоо, ишкердикти стимулдаштыруу жана вакциналарды сатып алуу жана таратуу. Өкмөттөр жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр менен тыгыз иштешип, биз өлкөлөргө дагы туруктуу жана инклюзивдүү келечектин пайдубалын түптөөгө жардам беребиз», – деди Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президент Анна Бьерде.