> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 80 чакырымдык велосипед жолу курулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/06/ysyk-k-ld-80-chakyrymdyk-velosiped-zholu-kurulat/
- Published: 2021-12-06T11:49:02.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ысык-Көлдө 80 чакырымдык велосипед жолу курулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Транспорт министри Эркинбек Осоев Бюджет жана финансы боюнча комитетинин [жыйынында ](https://www.youtube.com/watch?v=N2X3wnfzKio)билдирди.**

Комитеттин жыйынында 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган КР менен Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл айланма жолу» долбоору (Корумду-Балбай участогу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралды. 

> Министр берген маалыматка ылайык, Кувейт фонду **28.9 млн доллар** бөлгөн. Ал эми Корумду – Балбай – Баатыр тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоордун жалпы суммасы **128 млн долларды** түзөт. Аталган 80 чакырымдык велосипед жолу да ушул долбоордун алкагында курулат. Эгерде долбоор кабыл алынса, документтештирүү процесстери бир айдын ичинде бүтүп, Жол фонду ишке киришет.

Балыкчы – Каракол – Балыкчы жолунун 104-184-чакырымдарын реконструкциялоону каржылоо 2017-жылдын 11-июлунда Кыргызстанда өткөн 3-тегерек столдо Араб координациялык тобу тарабынан жактырылган.