Ысык-Көлдө 80 чакырымдык велосипед жолу курулат

Ысык-Көлдө 80 чакырымдык велосипед жолу курулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Транспорт министри Эркинбек Осоев Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында 2021-жылдын 12-июлунда кол коюлган КР менен Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Ысык-Көл айланма жолу» долбоору (Корумду-Балбай участогу) боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралды.

Министр берген маалыматка ылайык, Кувейт фонду 28.9 млн доллар бөлгөн. Ал эми Корумду – Балбай – Баатыр тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоордун жалпы суммасы 128 млн долларды түзөт. Аталган 80 чакырымдык велосипед жолу да ушул долбоордун алкагында курулат. Эгерде долбоор кабыл алынса, документтештирүү процесстери бир айдын ичинде бүтүп, Жол фонду ишке киришет.

Балыкчы – Каракол – Балыкчы жолунун 104-184-чакырымдарын реконструкциялоону каржылоо 2017-жылдын 11-июлунда Кыргызстанда өткөн 3-тегерек столдо Араб координациялык тобу тарабынан жактырылган.