> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жылдык акча айлантуусу  8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардан бошотулат
- URL: https://im.kg/all/2021/12/06/zhyldyk-akcha-ajlantuusu-8-mln-somgo-zhetpegen-ishkerler-salyktardan-boshotulat-socfond-menen-kireshe-salygynan-bashkasynan/
- Published: 2021-12-06T15:19:04.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жылдык акча айлантуусу 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардан бошотулат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды.**

Анын айтымында, чакан бизнес ээлери эгерде жылдык акча айлантуусу **8 млн сомго жетпесе**, соцфонд менен киреше салыгынан башка салыктардан бошотулат.

> «Жылдык жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат», – дейт ал.