> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырылган
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/2019-2020-zhyldardyn-zhyjyntygy-bojuncha-1-milliondon-ashyk-deklaraciya-tapshyrylgan/
- Published: 2021-12-07T16:31:10.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Салык төлөөчүлөр 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырышкан.**

Республикада **2020**\-жылдын жыйынтыгы боюнча **519 миң 60** жана **2019**\-жылдын жыйынтыгы боюнча **495 миң 445** **бирдиктүү салык** декларациясы тапшырылган. 

> 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияны **50 миң 525 уюм**, **227 миң 950 жеке ишкер**, **130 миң 955** ишкердик менен алектенбеген **жеке жак**, **51 миң 176** салык салынуучу **кирешеси жок жеке жак**, **58 миң 454** мамлекеттик жана муниципалдык **кызматкер** тапшырган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча **электрондук түрдө 166 миң 363** салык декларациясы, ал эми 2019-жылы – **102 миң 353** декларация тапшырылган.