2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырылган

Мамлекеттик салык кызматы декларациялык кампаниянын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Салык төлөөчүлөр 2019-2020-жылдардын жыйынтыгы боюнча 1 миллиондон ашык декларация тапшырышкан.

Республикада 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 519 миң 60 жана 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 495 миң 445 бирдиктүү салык декларациясы тапшырылган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларацияны 50 миң 525 уюм, 227 миң 950 жеке ишкер, 130 миң 955 ишкердик менен алектенбеген жеке жак, 51 миң 176 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, 58 миң 454 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча электрондук түрдө 166 миң 363 салык декларациясы, ал эми 2019-жылы – 102 миң 353 декларация тапшырылган.