> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ай-Пери» бизнес борбору мураскорлорго өттү – КФБ
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/aj-peri-biznes-borboru-muraskorlorgo-tt-kfb/
- Published: 2021-12-07T10:21:08.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз фондулук биржасы «Ай-Пери» бизнес-борбору ААК Башкармалыгынын курамы өзгөргөндүгү тууралуу билдирди.**

Мурастык күбөлүккө ылайык, уставдык капиталдагы үлүшү 47.70%га ээ акционер жана аффилирленген Арсалиев Э.С. аттуу жарандан **11 мураскорго** өткөрүлдү.

Пакеттин басымдуу бөлүгү (26.23%) А.Бакаевага өткөрүлүп берилген, алынган акциялардын номиналдык баасы 171.7 миң сомду түзгөн. Калган 21.46% үлүштөр ар бири 2.38%дан тогуз мураскордун ортосунда бөлүштүрүлгөн. Баалуу кагаздардын пакетинин жалпы номиналдык наркы 171.7 миң сомду түздү.