> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/ajyl-banktyn-ustavdyk-kapitaly-bjudzhettin-esebinen-2-5-mlrd-somgo-k-b-jd/
- Published: 2021-12-07T12:42:43.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:08:29.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Айыл Банк» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) уставдык капиталын 2.5 млрд сомго көбөйттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди.**

> Анын айтымында, банкты кошумча капиталдаштырууга каражат республикалык бюджеттен каралган. Кошумча капиталдаштыруудан кийин «Айыл Банктын» уставдык капиталынын көлөмү **6 млрд 24 млн сомго** жетти.

Букабаев «Айыл Банктын» капиталынын көбөйүшү чоң окуя экенин белгилеп, бул экономиканы өнүктүрүү программалары боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Айыл Банктын башчысынын айтымында, кошумча капиталдаштырууга багытталган **2.5 млрд сом** кайрадан экономикага агылып, бул экономиканын өнүгүшүнө мультипликациялык таасирин тийгизет.