> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөрдү» эми «Айыл Банк» тейлейт
- URL: https://im.kg/all/2021/12/07/kumt-rd-emi-ajyl-bank-tejlejt/
- Published: 2021-12-07T14:34:22.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:38:58.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Айыл Банк» ААКсында (мамлекеттик үлүшү 100%) тейленүүгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди.**

«Айыл Банктын» жетишкендиктерин санап жатып, Букаев төмөнкүлөрдү белгиледи: 

- Жеке адамдар үчүн мобилдик банкты ишке киргизүү
- Жаңы автоматташтырылган банк системасын ишке киргизүү
- Mastercard эмиссиясы
- «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты «Айыл Банкта» эсептешүү-кассалык тейлөөгө тартуу боюнча иштер
- «Ислам терезесин» ачуу боюнча иштер башталды
- Эмгек мигранттарын тейлөө үчүн кардарларды аралыктан идентификациялоо боюнча иштерди баштоо

> Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» негизги эсептешүү-кассалык тейлөөсү «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАКта (KICB) жүргүзүлүп келген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айынан бери «Кумтөр Голд Компани» министрлер кабинетинин тышкы көзөмөлүндө.